Батукаевдин бошотулушу боюнча Динара Сагинбаева менен Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилди

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 16-майда мурдагы министр менен кеңешчинин баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту караган. Соттун чечимине ылайык алар 26-июнга чейин СИЗО-1ге камакка алынышты.

Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. Ал эми 15-майда Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри, учурдагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да кармалган.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген. Маалыматта белгилүү болгондой, Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти Башкы прокуратура кайра карап, андан ары улантуу үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген.

Азиз Батукаевди мыйзамсыз абактан бошотууга шектелгендер камалууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
elchi84
2019-05-16 20:02:12
Бар экенсинер го ушундай болуш керек эле эми мындай кийин ойлонуп иш кыла турган болуп калышат чондор.Бир чекеден камаш керек мамалекеттин акчасын жегендер эки эселеп толотуш керек процентти менен.
+4
Pandora
2019-05-16 22:34:36
Баштаган ишиңер ийгиликтүү жана чындык жыйынтык чыгышы үчүн кудайдан тилеймин.
Жегендер куссун!!!
+4
Agayu
2019-05-17 00:04:26
Менин жэке оюм боюнча бул иш Атамбаевге жэтпей бутот .Прокурордун иши дагы жэнилдеди отчет берет болду.Баары эле билип турат Атамбаев башкы ролдо экени бирок жыландын куйругун тебелегиси келбейтат.Биздин саясат отто сасыган .Чындык Калыс Адилеттулук биз учун эмес !!!
+2
Take_men
2019-05-17 07:53:24
Agayu,туура айтасың Атамбаевтин акча алганын эч ким далилдей албайт
0
Agayu
2019-05-17 00:07:42
Жонокой чындыкты акыйкатты адилеттулукту издеген Улан Эгизбаевди эмне кылышты , анысы да мейли чондор аралашты.Озгондогу блогерди эмне кылып коюшту .Мынаке Кыргыз элим Чындык каякта экенин озунор билесинер.Озу кедей калкбыз , саясаттыбыз олло орчугон
+4
titanik32
2019-05-17 08:53:08
Иштесе болот экен го.Убагында АША көрсөтмө берген да буларга Батукаевди паспорт жасап мед справка берип өлкөдөн жылуу жумшак чыгарып жибергиле деп.Эми өз кылгандарын моюну менен тартышсын.Кол тийбестик да алынса экстен,ошону көп былык иштери боюнча сот жообуна тартуу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан