Кечээ, 16-майда кримтөбөл
Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри
Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси
Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге
киргизилди. Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер
Эмил Макимбетов жана лаборант
Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып,
тергөө абагына киргизилген. Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
SUPER.KG порталы "Азиз Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту бергендер эмес, буйрукту аткаргандар кармалып жатат дегенге кошуласызбы?" деген соболуна коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жооп берди.

Анын пикиринде, Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык, түрмөдө жаткан адам карып калса же өтө оорулуу болуп калса соттун чечими менен ал жаза мөөнөтү бүткөнгө чейин бошотулат.
“Батукаевди бошотууга ким буйрук бергени боюнча далил жок. Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык, түрмөдө жаткан адам карып калса же өтө оорулуу болуп калса соттун чечими менен ал жаза мөөнөтү бүткөнгө чейин бошотулат. Батукаевди бошотууда медициналык кызматкерлердин корутундусу чыгып, ошонун негизинде сот чечимин чыгарган. Дартты аныктоо анализи болбогондо сот андай чечим чыгара албайт болчу. Батукаевге барып кайрадан анализ жүргүзүлүп, далилденген жок. Батукаевге жалган диагноз коюлган деп далилденгенден кийин дарыгерлерге кылмыш ишин козгоп, жоопкерчилиги каралышы керек болчу. Тилекке каршы, андай иштер болбой туруп дарыгерлерди камап жатканы негизсиз”, - дейт Келдибаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары
Жыргалбек Турускулов,
Жанар Акаев, Аида Исмаилова,
Мирлан Жээнчороев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү
Адил Турдукулов, саясат таануучу
Даниел Кадырбековдун пикири
төмөнкү шилтемеде.