Москва шаарында бейтапканага кызын таштап кеткен аял табылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Полицияга медициналык жайдын ичине белгисиз аял "баласын таштап, изин жашырып кетти" деген маалымат келип түшкөндөн кийин анын энесин издөө башталган.
Анын аты-жөнү такталгандан кийин полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Алгачкы суракта мындай кадамга барганын "энелик милдетимди аткара албай калдым" деп түшүндүргөн. Эмне үчүн балдар үйүнө алып барган жоксуң деп сурашканда "оюма келбептир" деп жооп берген.