Индияга барып бооруна операция жасатып келген Мээргүл Анарбек кызы көз жумду

Буга чейин SUPER.KG порталына алгач жалгыз бой эне кайрылып 25 жаштагы кызы Мээргүл Анарбек кызы боор оорусунан жабыр тартаарын айтып коомчулуктан жардам сурап кайрылган эле.

Көп өтпөй кайрымдуу мекендештерибиздин жардамы менен керектүү каражат чогулуп Индияга боорун алмаштырууга операция жасатуу үчүн учуп кеткен.

Дарыгерлер Мээргүлдүн жашап кетүү мүмкүнчүлүгү аз экенин айтканына карабастан ал 13 сааттык операциядан ийгиликтүү чыгып, дарыланып бүткөн соң мекенине кайтып келген.

"Ак ниет аманат" коомдук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаев Мээргүл мекенине кайрылып келгенден кийин акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу керектүү дарыларды ичүүсү үзгүлтүккө учурап, ал кайрадан ооруп калганын билдирген эле.

Маркум Мээргүлдүн апасы Шаангүл Таштанбекова кызы өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин оору менен күрөшүп жатып ыйык Орозо айында каза болгонун билдирип, эч кимге мындай тагдырды каалабасын айтып өттү.

Индияда боорун алмаштырган 25 жаштагы Мээргүл каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Eli.91
2019-05-20 11:28:30
Аллахым эн бир соонун ыйык айда алыптыр жанын.Жаны Жаннаттын гул бакчаларында болсун.Бизгеда жаныбыздын чыгышын эн бир айларда жанада кундордун ханышасы болгон жума куну жаныбызды алууну насиб этсин аамин!
+16
aisu12345
2019-05-20 11:51:44
Аллахым бейишинен орунун берсин
+8
Asyl10
2019-05-20 12:04:36
Иии байкуш кыз жапжаш бойдон кетиптир да. Айла жок. Аллахым бейиштин торунон оорун берген болсун. Ушундай жаш омурлор отсо жанын кейип кетет.Эмнеге акыркы жылдары жаштар коп кетип атышат?деген ойго кетесин. Ким болбосун ден-соолугу бекем болсунчу, кара курсак тоёт,там салынат, машина да табылат, тиричилик учун акча табам деп,жаныбызды карч урбай, ден-соолукту карап, бир-бирибизге ырайымдуу, кайрымдуу бололу замандаштар.
+13
rysik79
2019-05-20 12:06:50
Коздон жаш агызды го. Жайы жаннаттан болуп арты кайрылуу болсун!!!
+6
Povetkin
2019-05-20 12:40:54
Жаткан жерин жайлуу кылсын АЛЛАХЫМ!
+3
Abdizhapar
2019-05-20 12:56:13
АЛЛАХ бейишинен орун берсин
+3
Krai
2019-05-20 13:17:05
Жайы жаннатан болсун
Акыркы убакта индияга барган оорукчандардан ушундай болуп каза болгондор көп каттала баштады окшойт
+3
Krai
2019-05-20 13:22:16
Ошо боор, бөйрөк алмаштыруучу аппараттарды кыргыз элим марафон уюштуруппу же башка жолун таапбы сатып алганга мумкунчүлүктөр жокпу бизде азыркы убакта өтө көбөйүп баратат. Балким ошо аппарат болсо биздин өзүбүздө жасалса арзаныраак анан сапаттуурак болот беле деген ой да
+7
Shaa-82
2019-05-20 13:25:44
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
ainura220888
2019-05-20 13:30:16
Атын очкур цирроз акыры алып тыныптырда. Ичим ачышып кетти. Бейиштин торунон орун берсин жаратканым.
+4
katerina.li
2019-05-20 14:13:58
Ыйлагын келетко окуп алып
+2
nuri1
2019-05-20 14:36:52
Жараткан Тенирибиз ден сооолук берсин. Бир гана жараткан Тенир ден соолук берсин.
-13
nazi25
2019-05-20 14:52:06
Жаткан жери жайлуу болсун.Жакындарына сабыр берсин Аллахым.
+1
i1urp
2019-05-20 15:29:02
Тенирим ар кандай оорудан сактасын. Жашасын кыргыз элим.
-13
JENTLEMAN
2019-05-20 17:41:36
Учурдагы идиш-аяк жууган жанагы суйуктуктун айынан бүт бөйрөк боорлор жабыркап жатат. Ошол идишти жанагы жидкость менен жууп бүтүп жакшылап эринбестен чайкап жуугулачы эже-жеңелер.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан