"Буга чейин Украинаны күлдүргөнгө аракет кылсам, мындан кийин ыйлатпаганга аракет кылам". Зеленский эмнелерди убада кылды?

Бүгүн, 20-майда Украинанын жаңы шайланган президенти Володимир Зеленский ант берип, расмий түрдө өлкө башчылыгына киришти. Украин парламентинин имаратында орун алган иш-чарага 5 мамлекеттин президенттери жана 20дай өлкөнүн расмий өкүлдөрү келди.

Алдыңыздарга Володимир Зеленскийдин 20 мүнөткө жакын убакытка созулган кайрылуусунун негизги учурларын сунуш кылабыз.

"Мен Жогорку раданын 8-чакырылышын таратууну чечтим"

Алгач президент парламентке кайрылып, "силер депутаттардын кол тийбестигин алып салуу жана мыйзамсыз баюу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамды кабыл алышыңарды каалайм. Коопсуздук кызматынын башчысын, башкы прокурорду жана коргоо министрин иштен бошотууну парламенттен суранам. Мен Жогорку раданын 8-чакырылышын таратууну чечтим", - деди Зеленский.

Мындан сырткары ал Украинанын өкмөтүн сынга алып, премьер-министр Володимир Гройсманга өкмөт менен отставкага кетүүнү сунуштады.

"Бир гана мен эмес, ар бир украиналык өлкөнү башкарат"

"Шайлоодон жеңишке жеткенден кийин мага 6 жаштагы уулум келип "ата, Зеленский президент болду, демек, мен да президент экенмин да" деди. Ал учурда бул сөздөр тамаша катары көрүнгөнү менен, кийинчерээк чындык экенине көзүм жетти. Мындан ары ар бир жаран өлкөнү башкарат, мени шайлаган 73 пайыз шайлоочу гана эмес, бардык украиналыктар! Бул менин жеңишим эмес, баарыбыздын жеңишибиз. Бүгүн бир гана мен эмес, баарыбыз Конституцияга колубузду коюп, ант бердик. Бүгүнкү күндөн тартып ар бирибиз мамлекет үчүн жоопкерчиликти алабыз. Балдарыбызга кандай өлкөнү таштап кетерибиз үчүн ар бирибиз жооп беребиз. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга ар бир жаран мүмкүнчүлүк алат".

"Крым менен Донбассты кайтаруу үчүн баарына даярмын"

"Биз үчүн кийинки чакырык - бул Украинанын тарттырып жиберген аймактарын кайтарып алуу. Чынын айтканда, минтип айтуунун өзү туура эмес. Анткени Крым дагы, Донбасс дагы - Украинанын жери. Биз жерибизди гана жоготкон жокпуз. Эң башкысы биз ал аймактарда жашаган элибизди да жоготтук. Буга чейинки бийлик алар кайрадан өздөрүн украиналык экендигин сезиши үчүн эч кандай кадам жасаган жок.

Мен аталган аймактарды кайтаруу үчүн баарына даярмын. Кээ бирлер бул мүмкүн эмес деп айтышат. Бирок биз биригип, мүмкүн болбогон нерселерди жасасак эмнеге болбосун? Согушту биз баштаган эмеспиз, бирок бүтүрүшүбүз керек".

"Дүйнөнүн ар бир бурчундагы украиналыктарга жарандык берүүгө даярмын"

"Мен бүгүн дүйнөнүн бардык бурчундагы украиналыктарга кайрылып жатам. Биз 65 миллионбуз. Ооба, таң калбагыла, мен украин жергесинде төрөлгөндөрдү айтып жатам. Мен Азиядагы, Түндүк жана Түштүк Америкадагы, Австралиядагы, Африкадагы, бүткүл планетадагы украиналыктарга кайрылып жатам. Силер бизге абдан керексиңер. Мен жаңы, күчтүү Украинаны курууга даяр болгон ар бир адамга өлкөнүн жарандыгын кубаныч менен тартуулаганга даярмын.

Силер Украинага конок катары эмес, өз үйүңөргө келишиңер керек. Чет өлкөлөрдөн сувенирлерди эмес, өзүңөрдүн билимиңерди, тажрыйбаңарды жана салттык баалуулуктарыңарды алып келгиле. Мунун баары бизге жаңы доорду баштаганга жардам берет".

"Буга чейин Украинаны күлдүргөнгө аракет кылып келсем, мындан ары ыйлатпаганга аракет кылам"

"Урматтуу элим, сөзүмдүн аягында кыскача айта кетейин. Өз өмүрүмдө мен украиналыктарды күлдүрүүгө аракет кылып, бул менин жумушум гана эмес, жашоодогу максатым экендигин жүрөгүм менен сезип келгем. Мындан аркы 5 жылдын ичинде украиналыктарды ыйлатпаш үчүн болгон күчүмдү жумшайм. Рахмат".

Украинадагы президенттик шайлоонун алгачкы туру 31-мартта өткөн. 39 талапкер катышкан шайлоодо Зеленский шайлоочулардын 30,24 пайыз добушуна ээ болсо, Порошенко 15,95 пайыз добуш алып 2-турга өткөн. 21-апрелде шайлоонун 2-туру өтүп, Зеленский атаандашынан дээрлик 3 эсе көп добуш топтоп уткан.

Володимир Зеленскийдин өмүр таржымалы жана саясатка келип калуусу тууралуу бул шилтемеге баш багып окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
mirkaa5182
2019-05-20 23:34:53
Курч, таамай сүйлөптүр, Украинада эми чоң реформа,өзгөрүү болот экен.
+10
rysik79
2019-05-21 00:17:40
Президент болуш учун кандай гана соонун убадаларды укканбыз. Зеленский деле жыргатам жана кыйратам дейт го
-4
AsiaBoy
2019-05-21 01:34:31
rysik79,бул президент болгондон кийин айтып жатпайбы.Бизкилер болгондон кийин жокда
+2
rysik79
2019-05-21 00:26:33
Эртен кудалары, бажалары, кайни кайнежелери пияз туурап май куйушса керек чон тай казанга. Анан да коро жатаарбыз. Порошянкобуз эле жакшы болчу деп бироо ыйлап журот деп кой.
-3
Krai
2019-05-21 07:40:00
Эртең эми донбас менен кырымды кайтарам деп оруссия менен дагы чатакташпаса болду
+3
nur_zhoni
2019-05-21 20:46:11
Krai, жок чатакташбайт крым менен домбастын ээли кайра Украинанын жарандыгын алабыз десе гана кайтат
+2
katerina.li
2019-05-21 09:51:57
Мага оздорунун депутаттарын шыр эле таркатып жибергени жакты. Биздикинин алы келбей койдуго.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан