Депутат чектешкен жайыттардын маселесин чечүү керектигин айтты

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңеште депутат Бакирдин Субанбеков чектешкен жайыттардын маселесин чечүү керектигин айтты.

"Биздин мамлекет агрардык болгондон кийин жайыт жер болобу, сугат жерби ар дайым такталып, ар биринин өзүнүн чеги болушу зарыл. Панфилов районундагы Казакстандын 69 миң гектар жайыты боюнча мамлекеттик акт берилбептир. Мага бул маселе менен Панфилов районунун тургундары 2-3 жолу келип кетти. Бул маселе эмнеге чечилбей жатат?" - деди депутат.

Буга айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлү: "Казакстандын Суусамыр өрөөнүндө пайдаланылып жүргөн 69 миң гектар анын ичинде 42 миң гектар жайыт жери бүгүнкү күндө мамлекеттин камына кирет. Панфилов районунун аймактык балансында турат. Ал жер Панфилов районунун аймагында, чегинде, ага мамлекеттик актынын кереги жок", - деди.

Депутат: "Анда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө. Чектешкен аймактарды тактагыла. Панфилов районунун жайыты Талас облусу менен чектешет. Алар 51 миң гектар жерге Таластын малчылары малын жайып, бир тыйын төлөбөйт деп айтышууда. Жер кимге тиешелүү, тактап койсоңуздар. Унчукпай жүрө беребиз, анан ыр-чыры башталганда чуркап калабыз", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан