15-май күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов кызматынан кеткен болчу. Андан бери коомчулук интернетте өз ара бул кызматка ким келет деген суроонун тегерегиндеги талкуусун улантып турган чак. Ал арада социалдык тармактарга комитеттин төрагалыгына Орозбек Опумбаев келди деген кеп чыкты. SUPER.KG порталы маалыматты тактоо үчүн мекеменин маалымат кызматына кайрылганда, Опумбаев учурда төраганын милдетин аткарып жатканын билдиришти.
"Орозбек Опумбаев төрага болуп дайындалган жок, Кадыркулов кеткенден тартып эле төраганын милдетин аткарууда. Ал буга чейин төраганын биринчи орун басары кызматында болгон", - дешти маалымат кызматынан.
Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп өткөн жылдын октябрь айында дайындалган.