Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Бейшебек Акунов каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бейшебек Акуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27-майда саат 10:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Бейшебек Акунов 1932-жылы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында туулган. Ал 1955-жылы Москва автомобиль-жол институтун аяктаган.
Өзүнүн эмгек жолун Фрунзедеги №2 шаардык автобазада гараж жана устаканалардын башчысы болуп иштөөдөн баштаган.
- 1956-1960-жылдары Токмоктогу жүк ташуучу автобазанын башкы инженери, Фрунзе автожолдор техникумунун директорунун орун басары, Кыргыз ССР министрлер Советинин иш башкармасынын улук референти;
- 1965-1971-жылдары Кыргыз ССР мамлекеттик планында иштеп, транспорт жана байланыш бөлүмүн, экономика жана өндүрүштү уюштуруу лабораториясынын жетекчиси;
- 1971-жылы Кыргыз ССР министрлер Советинин иш башкаруучусу;
- 1973-1983-жылдары Фрунзе шаарынын Октябрь райондук партиялык комитетинин биринчи катчысы;
- 1983-1992-жылдары Кыргыз ССР министрлер Советинин иш башкармасын жетекчиси;
- 1993-жылдан тартып Кыргызстан Коммунисттер партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы;
Бейшебек Акунов Кыргыз ССР Жогорку Советинин X жана XI чакырылыштарынын депутаты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
SUPER.KG порталы Бейшебек Акуновдун үй-бүлөсүнүн аза кайгысын тең бөлүшүп, жакындарына көңүл айтат.