Ырчы Максат Садырбеков менен визажист Айсулуу Молдалиеванын үйлөнүү тоюнда эч ким "Жар-жар" айткан жок (фото)

Бүгүн, 6-июнда Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде ырчы Максат Садырбеков менен визажист Айсулуу Молдалиеванын үйлөнүү үлпөт тою өтүүдө. Тойдун башында Максат сүйүктүүсү менен чыкты. Адаттагыдан айырмаланып, түгөйлөр "Жар-жар" ырынын коштоосунда киришкен жок. Эки жаштын ата-энелери жана өкүл ата-апасы Бактыгүл Бадыева жолдошу Алмаз Закиров менен тойду ачып беришти. Тамадалык милдетти кыргыз тилинде Эркин Рыскулбеков, ал эми орус тилинде Урмат Асанбеков аткарууда. Тойго келгендердин басымдуу бөлүгү жаштар болгондуктан үлпөт салтанаты жаштар үчүн уюштурулган десек болот.

9 жыл сүйүү мамилесинде жүргөн таттуу түгөйлөр турмуш жолуна багыт алып, Максат Садырбеков сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын туулган күнүндө колун сураган. Ал эми 4-июнда ырчы мырзанын апасы болочок келинине сөйкө салган.

Максат Садырбеков менен Айсулуу Молдалиеванын үйлөнүү үлпөт тою
Ырчы Максат Садырбеков үйлөндү. Үлпөт тойдон репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
interpol
2019-06-06 20:40:15
Алар жашоонда ансызда орузча сүйлөшөт го жок дегенде тойду өз тилинде эле өткөрсө болмок. Кыргыз тилин өгөйлөгөндү качан койосуңар????
+15
bond02
2019-06-06 20:57:05
Эч жакпайт ушул бала, очкини чечип эле койбойбу дейм да.
+6
Nur777
2019-06-06 21:30:33
Берки Нон-стоптогу партнершасы досу болсо да ичи орттонду болуш керек...
0
Shanshieva
2019-06-06 22:55:06
Бактылуу болгула кармашкан колунар туболук болсун ылайым
0
Nur777
2019-06-06 23:38:17
Татынакай тугойлордонсунор,бактылуу болгула!
0
ai_bi0914
2019-06-07 03:29:39
Бактылуу болгула!Бирок,ашыкча эле ачык кийинет да ушул кызчы.
+1
bekiw.801
2019-06-07 08:39:40
Оз улутун сыйлабагандык деп билем. Обу жок эле болуп кетишиптир
+7
ekonomist.
2019-06-07 09:20:00
Эн сонун тугойлор бактылуу болушсун.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-06-07 12:06:45
Көйнөгү мынча ачык
+1
Skarlett-Skarlett
2019-06-07 13:27:37
Бактылуу болгула!
-1
Sajakat14
2019-06-07 13:57:36
5-июньда Баястан менен Зульфия кыздуу болуп, 6-июньда Максат менен Айсулуу үйлөнүп! Сонун. Каман жылы үй бүлөнүн жылы деп коюшат. Жакшы жыл болуп жатат. Алып баруучу Нурзад эже дагы быйыл кыздуу болду. Жакшылыктар кыргыз элиме кут болсун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан