Депутат Рысалиев Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 2 сааттан бери сурак берип жатат

Бүгүн, 7-июнда депутат Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Ички иштер министрлигинде сурак берүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, Рысалиев 2 сааттан бери сурак берүүдө. Айрым маалыматтар боюнча, ал саат 10:00дө суракка кирип кеткен боюнча чыга элек. Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен чуулуу окуя учурунда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.

Окуянын чоо-жайы:

16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган. Ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова 4-июнда кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
interpol
2019-06-07 16:14:22
Алабай аф аф деп актанып аткан кербези экенда
Мени сурака качан чакырааааат качан чакырат деп кыйын болуп атты эле уурусу күч болсо ээзин басат болуп.
+3
Dembele84
2019-06-07 16:25:33
Жаза аткаруунун башчысы болуп турган болсо,анда бул кишинин точно катыштыгы бар.Айткыла эми тезирээк чоюп отурбай,Атамбаев буйрук берген деп,эл кутуп жатат ошону.
+3
Bars88
2019-06-07 16:55:04
Сразы камаш керек муну сурап отурбай.Аэропортко ушунун машинасы менен барган.
+2
mister_akkuu
2019-06-07 17:04:45
Ойдолоп баратышат. Аягы ким болуп чыгаар экен. Путинге чейин кетип калбагыла. Биздикилерди эле камагыла.
+4
Shabi
2019-06-07 17:37:09
Экс акыйкатчыга качан жетээр экен.мен иттик кылдым,мени пайдаланды,мен билген эмесмин,билбей калдым деп эле актанып жатты эле.а убагында парламентте Батукаевти чыгарбасак болмок эмес уят болмокпуз деди эле.уятту киши
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан