Аида Салянова үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Рабига Садыкова билдирди.
Жактоочунун айтымында, Салянованын ден соолугу жакшы эмес, дарыланышы керек. Ал учурда ИИМдин имаратынын алдында Аида Салянова жакындары менен жолугушуп жатканын билдирди.
21-июнда Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал ушул жылдын 3-июнунда кармалган.
Бүгүн, 15-августта экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова ИИМдин Тергөө башкармалыгынан чыгып, унаага отуруп кеткен.