Азиз Батукаевдин жактоочусу Али Касымов тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирди

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу максатында анын жактоочусу Али Касымов кызыкдар тараптан акча каражатын алып, кызмат адамдарына берип, ортомчу катары жүргөндүгү аныкталган. Ал Азиз Батукаевдин үй-бүлөсүн профессионалдык жактоочу катары коргоону ишке ашырган эмес. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-июль күнү Али Касымов Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн шектелип кармалган.

"2-августта жактоочу кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Шектүү Касымов коргоочусу менен бирге 16-август күнү тергөө менен кызматташуу жөнүндө өтүнмө каты менен кайрылган. Учурда ИИМдин тергөө кызматы тарабынан ага карата бөгөт чарасын өзгөртүү маселелери каралып жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан