7-июнда Стамбул шаарында Англиянын "Арсенал" клубунун жарым коргоочусу Месут Өзил менен модель Амине Гүлшенин үйлөнүү тою өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалым болгондой, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тойго күбө катары келди.
Жаш түгөйлөр белектерден баш тартып, конокторду өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги балдарга операцияларды каржылаган кайрымдуулук фондго садага берүүнү суранышты. "Күйөрмандар туугандарымдан жана досторумдан тоюбуздагы белектер боюнча сурашкан. Мен баарын өзгөчө долбоорду колдоого чакырат элем. Амине экөөбүз муктаж болгон миңдеген балдар үчүн операцияларды өзүбүз каржылайбыз", - деди Өзил.
30 жаштагы түрк футболчу Месут Өзил Англиянын "Арсенал" клубунда ойнойт. Бул клуб менен түзгөн келишимде, ал жумасына 340 миң евро таап турат. 2018-жылы Германиянын футбол бирикмесинин төрагасын расист деп айыптап, аталган өлкөнүн курама командасынан кеткенин жарыялаган.