АКШнын НАСА космос агенттиги туристтердин саякаттоосуна мүмкүнчүлүк ачууну пландоодо. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Эл аралык космос станциясынын директорунун орун басары Робин Гатенстин айтымында, станцияга жылына 2 жолу мындай максаттагы кеме жөнөтүлөт. Астронавт-туристтер АКШнын космос кемеси менен саякаттайт. Алар станцияда 30 күнгө чейин жүрө алышат. Космосто саякаттоонун баасы суткасына кеминде 35 миң доллар болмокчу.