Казакстандагы президенттик шайлоодон кийинки башаламан учурунда төкмө акын Ринат Заитов кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ал Алматы шаарында мыйзамсыз уюштурулган митингге катышкандыгы үчүн кармалган. Аталган окуя боюнча Казакстан жазуучулар союзунун мүчөсү Еркинбек Серикбай SUPER.KG`ге төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Кечээ кечки саат 4-5тер чамасында полиция кызматкерлери Ринат Заитовду кармап кетишиптир. Бул кабарды угуп Алматыдагы жазуучулар союзунун өкүлдөрү баш болгон 100гө жакын адам аны бошотууну талап кылып, полициянын имаратына бардык. 4-5 сааттан кийин Заитов коё берилди. Ал шайлоодогу мыйзам бузууларды ачык айтып, сындаганы үчүн кармалганы ачык эле көрүнүп турат".
Казакстандагы президенттик шайлоо 9-июнда өтүп, Касым-Жомарт Токаев жеңип чыкты. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көчөгө чыгып, башаламан учурунда 500дөн ашуун адам кармалганы айтылды.
Белгилей кетсек, 2011-жылы Астана шаарында өткөн эл аралык айтышта кыргыз акыны Аалы Туткучев менен Ринат Заитовдун айтышы интернетте кызуу талкууга алынган. Аталган айтышта Заитов Аалы Туткучевге караганда аз упай алып калганы үчүн айтыштан кетерин жарыялап, бирок көп өтпөй сахнага кайтып келген.