Кариб деңизинде 32 мигрант бараткан кайык бир аптадан бери дайынсыз болууда

Кариб деңизинде 32 мигрант бараткан кайык бир аптадан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мигранттар 7-июнь күнү Венесуэладан Кюрасао аралына жетүү үчүн сапарга чыккан.
Бир дагы мигрант ошол бойдон байланышка чыккан эмес. Бийлик бул тууралуу эч кандай билдирүү тарата элек, мындан сырткары аларды куткаруу же издөө иштери да жарыялана элек.
"Мамлекеттик органдар бул мигранттарды издөө боюнча эч кандай аракеттерди жасабай жатат. Алар жакшы жашоо издеп, өмүрүн тобокелге салышты. Ушунча күндөн бери бир кабары чыкпай жатса, демек, алар орто жолдон кырсыкташты", - деп билдирген Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын депутаты Луис Стефаннели.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2019-06-14 11:02:52
Пираттар кармап алса керек да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан