Бүгүн, 14-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкө лидерлеринин жолугушуусу өтүүдө. Кечээ, 13-июнда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков саммитке катышуу үчүн келген президенттер менен жолугушту. Анын ичинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен да жолугушуп, ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагында мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнүн азыркы абалы жана келечеги талкууланды.
Мамлекет башчыларынын жолугушуусундагы сүрөттөр эки президенттин тең расмий сайтына жайгаштырылган. Ага үңүлүп караган адам айрым айырмачылыктарды байкай алат.
Буга чейин Казакстандын президентинин расмий сайтындагы Касым-Жомарт Токаевдин сүрөттөрү жасалып, президент өз курагынан жаш көрүнүп калганы талкууга алынган. Касым-Жомарт Токаевдин башка өлкөлөргө болгон иш сапарынан сүрөттөрү президенттик сайтка жайгаштырылганда моюну ичкерип, бырыштары азайып калган. Ал чет өлкөдөгү ЖМКларга жарыяланган сүрөттөрдөн кыйла айырмаланып турат. Касым-Жомарт Токаев 17-майда 66 жашка толду.