Бакытбек Жетигенов: "Канатбек Исаевдин кабинетине барганым чын. Бирок эч кандай мушташ болгон эмес"

Өткөн аптада социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаттары Бакытбек Жетигенов менен Канатбек Исаев мушташып кетти деген сөз тараган. Бирок бул окуя боюнча эки тарап тең үн катпай жаткан эле.

Бүгүн, 17-июнь күнү депутат Бакытбек Жетигенов эл өкүлү Канатбек Исаев менен мушташпаганын SUPER.KG порталына айтып берди. "Ошол күнү Канатбек Исаевдин кабинетине барганым чын. Мындай эле бир маалыматты тактап алайын деп баргам. Эч кандай мушташ болгон жок" деди ал. Ал эми трибунада Канатбек Исаев ал тууралуу эч нерсе айтпаганын билдирди.

12-июнда Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин жыйынында трибунага чыгып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө карата 15 мүнөттөй сөз сүйлөгөн. Ошол сөзүндө "Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн алып келип туруп, КСДПнын тизмеси менен депутат кылды" деп айткан. Исаевдин бул сөзү Жетигеновго даректелгени жоромолдонуп жаткан болчу.

Канатбек Исаев мушташтын болгондугу же болгон эместиги тууралуу комментарий бере элек. SUPER.KG порталы анын пикирин жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан