Нарын. Нарын шаары боюнча шайлоодо мыйзам бузуулар жок

Бүгүн эртең мененки саат 8:00гө карата Нарын шаарындагы бардык 21 шайлоо участкасында шайлоо комиссиялары өз убагында жана толук курамда өздөрүнүн милдеттерин аткарууга киришти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Алгачкылардан болуп №4069 шайлоо участкасында Нарын шаардык аксакалдар сотунун төрагасы Жумабек Аманов жана ушул эле шайлоо участкасында Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев добуш беришти. Шаар мэри шайлоочуларды жана шайлоо комиссиясын бүгүнкү майрамы менен куттуктап, өткөрүлүп жаткан шайлоонун маанисин белгилеп, бардык кыргызстандыктарга биримдикти, тынчтыкты жана ынтымакты каалады. Бардык шайлоо участкаларында саясий партиялардын, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын байкоочулары катышып жатат. Жалпы шаар боюнча жана шайлоо участкаларда укук коргоо органдарынын көзөмөлү менен тартип сакталууда. Ар бир шайлоо участкасына шаардык мэриянын кызматкерлери жана шаардык мекемелердин жетекчилери бекитилген. Шайлоо участкаларында 3-4төн элдик кошуундун мүчөлөрү коомдук тартипти сактоого катышууда. Шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар жок.            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан