реклама
super.kg logo

Бишкекте сары жилетчендердин митинги өттү

 

Бүгүн, 24-июнда Бишкекте Ак Үйдүн жана Кесиптик союздар үйүнүн алдында митинг өттү. Анда 100дөн ашуун адам катышты. Алар сары футболкаларды жана жилеттерди кийип акцияга катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, митингге ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин өкүлдөрү, окуучулар, пенсионерлер келди.

Алар Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева, Мирлан Бакиров, Данияр Төлөнов жана Таалайбек Масабиров демилгелеп жаткан "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзамынын долбоорунун кабыл алынуусуна каршылыгын билдиришти.

"Бул мыйзам долбоору Эл аралык эмгек уюмунун нормаларына, Кыргыз Республикасынын Конституциясына (4, 35-беренелерине) жана Эмгек кодексине (29-34-беренелерине) карама-каршы келет. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр иштеп жаткан жарандардын биригүү эркиндигин кемсинтүүгө багытталган. Андан да жаманы окуучулар менен пенсионерлер кесиптик бирликтерге биригүү укугунан ажырайт.

Мыйзамдын долбоору кесиптик бирликтердин жана алардын бирикмелеринин укуктарын одоно чектейт, уюмдук түзүмдүн, бирикмелердин формасын жана түрүн өз алдынча аныктоого, кесиптик бирликтердин мүчөлөрүнүн саны боюнча шарттарды белгилөөгө, кесиптик бирликтердин өздүк башкаруу органдарын түзүүгө, шайлоолорун тастыктоого жана кесиптик бирликтин иштерине байланыштуу башка да укуктук маселелерге чектөө коёт", - дешти митингчилер.

Алар депутаттарга жана президентке кайрылып, бул мыйзам долбоорунун кабыл алынуусуна бөгөт коюуну суранышууда.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
129007;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: