Канаданын жашоочусу Тиффани Адамс жергиликтүү басылмаларга өзүнүн учактагы кызыктуу окуясы менен бөлүшкөн. Анда ал учак конорго 45 мүнөт калганда уктап кетип, учактын ичинде унутулуп калган.
"Мен Квебек шаарынан Торонтого учуп бара жаткам. Орто жолго жеткенде уктап кетиптирмин. Бир канча сааттан кийин ойгонсом эле учактын ичинде эч ким жок. Караңгы жана суук болуп калган экен. Мен курбума байланышууга аракет кылдым. Бирок телефонум жаңы сүйлөшүп баштаганда эле өчүп калды. Жүрөгүм түшүп, учактан кантип чыгам деп ойлонуп баштадым", - деп айтып берген Адамс.
Уктап калган аял телефонун учак ичинде кубаттаганга аракет кылып, бирок натыйжа болгон эмес. "Учактын эшигин ачып, тепкич жок болгондугуна байланыштуу түшө албай калдым. Мени жүк ташып жүргөн адам байкап калды. Ал менин унутулуп калганымды көрүп нес абалда туруп калды", - деген Тиффани Адамс.