Казакстандын президенти жарылуу болгон Арыс шаарынын жашоочулары менен жолугушту

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 24-июнда Арыс шаарынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип казакстандык басылмалар жазышты.

"Шаарды калыбына келтиребиз. Күтө тургула, баары жакшы болот. Бул өзгөчө кырдаал, каатчылык. Өкмөт акча каражатын берет, кам санабагыла. Оңдоп-түзөөдөн өткөрөбүз. Бардык облустар жардам көрсөтүшөт. Мындай күндү баштан өткөргөн балдарды Акмола жана Павлодар облустары жайкы сезондо кабыл алууга даярдыгын билдиришти. Өзүм атайын келдим, бардык маселени жеке көзөмөлүмө алам", - деди Токаев.

24-июнь эртең мененки саат 09:20 чамасында Арыс шаарынын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринде жарылуу орун алып, шаар тургундары башка аймакка көчүрүлгөн.

Окуядан эки адам каза болгону айтылды. Түркстан облусундагы ооруканаларда жарылуудан жаракат алган 70 адам дарыланууда. Көпчүлүгү денесинен күйүк алган, снаряд жана айнектердин сыныктарынан жаракат алгандар, иске уулангандар бар. Төрт адам эсине келе элек жана бешөөсүнүн абалы оор экени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан