Кир жуучу машинада бир саат калып калган мышык тирүү калды

АКШнын Миннесота штатынын Мэйплвуд шаарында иштеп жаткан кир жуучу машинада калып калган мышык тирүү калды. Бул тууралуу Fox News басылмасы жазып чыкты.

Стефани Кэрролл-Кирхофф кийимдерин жуу үчүн кир жуучу машинаны иштетип жатканда Феликс аттуу мышыгы машинанын ичине киргенин байкабай калган.

"Кийимдеримди чогултуу үчүн бир нече мүнөткө алаксып кетип, ал кантип кирип алганын байкабай калыптырмын" дейт ал.

Кожоюн бир саат убакыттан соң машинаны ачып мышыкты алып чыккан. Бир нече мүнөттөн соң мышыкты ветеринардык клиникага алып барышкан.

Ветеринарлар мышыкты кислород камерасына киргизишип, тирүү калганына өздөрү да таң калышкан. Кэрролл Маккалоу кислород камерасынын суткалык баасы 1000 долларды түзөрүн билдирип, элден жардам сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан