
Красноярскта автобустун жүргүнчүлөрү кош бойлуу аялдын төрөтүн кабыл алышты. Ымыркай ал автобуста өмүр бою бекер каттай алат. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Айдоочу толгоосу башталып, автобуста көз жарган аялды тез арада төрөт үйүнө жеткирүүгө болгон аракетин жасаган. Ал жол эрежелерин бузуп, төрөт үйүнө катуу ылдамдыкта келген, бирок кош бойлуу аял ага чейин чыдай алган эмес.
"№64 автобуста төрөлгөн балага өмүр бою анда бекер жүрүү мүмкүнчүлүгү берилет. Мындан сырткары, айдоочуга, кондукторго жана төрөттү кабыл алган жүргүнчү аялга акчалай сыйлыктар ыйгарылмакчы. Автобус аялдамаларга токтобой, ичиндеги жүргүнчүлөрү менен төрөт үйүнүн короосуна токтогон, ал жерден эне менен баланы дарыгерлер өз көзөмөлүнө алган.
"Жүргүнчүлөр колунан келген жардамын көрсөтүүгө аракеттеништи. Алардын бири мага башындагы жоолугун чечип берип, кийин ага баламды ородук. Башкалары кол аарчыларын карматып, муздак суу беришти" деп ыраазычылыгын билдирген көз жарган эне", - деп айтылат маалыматта.