Подмосковьеде заводдо иштеген Тажикстандын 100гө жакын жараны тамакка ууланып калды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя "Одинцово" заводунда орун алган. Анда кечки тамактануудан кийин 100гө жакын адамдын ичи катуу ооруп, өздөрүн начар сезе баштаган.
"Кечки тамактануудан кийин айрым кызматкерлер эс-учун жоготуп койгон. Алардын баарына медициналык жардам көрсөтүлүп, жакынкы ооруканага жеткирилген. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, заводдун ашканасынын кызматкерлери тамак-аш даярдоодо убактысы өтүп кеткен азык-түлүктөрдү колдонуп келишкен. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.