Беларуста төртүнчү жолу турмушка чыккан аял тойдон кийин күйөөсү менен уруша кетип, өз жанын кыйды

Беларуста 4-жолу турмушка чыккан аял тойдон кийин күйөөсү менен уруша кетип, өз жанын кыйды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 22-июнь күнү Слуцк шаарында орун алган. Той аяктап калган маалда күйөөсү менен колуктунун ортосунда пикир келишпестик чыккан.

"37 жаштагы колукту өзүнөн 10 жаш кичүү мырзага турмушка чыккан, бул анын төртүнчү турмушу болчу. Той эки жаштын үйүндө өткөн. Мас абалдагы аял болжол менен түнкү саат 1:00дөр чамасында уруш чыгарган. Келген коноктор сыртка чыгып кетишкен. Ортодон үйдүн электр жарыгы өчкөн. Кийин үйгө колуктунун баласы кирип, апасынын жанын кыйып каза болгонун көргөн. Маркум эч кандай кат калтырган эмес, анын артында буга чейинки 3 турмушунан 4 баласы калды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Saidochka
2019-06-27 08:20:17
Башы иштебеген катындын балдарынын шору "болуптур да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан