Санкт-Петербургда кайненесин зордуктоого шектелген жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, эч жерде иштебеген 37 жаштагы жаран кайненесинин үйүнө келип ага күч колдонуп, зордуктап койгон.
"58 жаштагы жабырлануучу арыз менен полицияга кайрылып, чара көрүүнү өтүнгөн. Кайненесин зордуктаган жаран полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.