Гарвард университетинин окумуштуулары изилдөөлөрдү жүргүзүп фаст-фуд менен өспүрүм кезде көп тамактануу тукумсуздукка алып келерин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Эгерде сиздин күнүмдүк тамактарыңыздын арасында пицца, гамбургер, шаурма, картошка калдырканы жана чийки бышкан эт көп болсо анда ойлонуу керек. Окумуштуулар 3 миңге жакын аскерге чакырылган жарандардын медициналык маалыматтарын карап көргөн. Алардын ар биринен кандай тамактанары тууралуу жазууну өтүнүшкөн.
Жыйынтыгында көпчүлүк өспүрүмдөр тез даярдалуучу тамактар, жарым фабрикаттар менен тамактанары белгилүү болгон. Аларды текшерүүгө алганда сперманы иштеп чыгуучу Сертоли клеткасы жабыркаганы аныкталган.
Окумуштуулардын айтымында, туура тамактануу, белгилүү диеталарды кармоо сперманын өлчөмүн көбөйтүшү мүмкүн, бирок жабыркаган Сертоли клеткалары калыбына келбейт.