Ысык-Көл облусунда 2 кишини атып өлтүрүүгө жана бир аялды барымтага алганга шектүү жаран качып кетти

Ысык-Көл облусунда 2 кишини атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алганга шектүү жаран качып кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"4-июлда болжол менен түнкү саат он эки жарымда Ак-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Каракол шаарындагы чек ара кызматынын аскер бөлүгүнөн белгисиз адам Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринин директорунун орун басары А.Д.ны атып салгандыгы жөнүндө билдирүү келген.Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. Анда алар "Хан Теңири" лагеринде кароолчу болуп иштеген, Түп айылынын тургуну 29 жаштагы С.С. "Вепрь" үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип лагердин директорунун орун басары, 48 жаштагы А.Д.ны төшүнө жана ошол жерде ар кандай жумушта иштеген Каракол шаарынын тургуну 31 жаштагы М.К.ны курсакка аткандыгы аныкталган. Натыйжада алган жаракатынан А.Д окуя болгон жерде каза болуп калган. Ал эми М.К. чек ара заставасына медициналык жардам көрсөтүү үчүн алынып бара жаткан учурда каза болгон. Кылмышка шектүү бул окуядан кийин ошол жерде иштеген Л.И.ни барымтага алып кылмыш жасалган жерден качып кеткен", - дешти ОИИБинен.

Аталган факт Ак-Суу РИИБи тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Мекеменин маалымат кызматы азыркы учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү С.С.ны кармоо жана Л.И.ни барымтадан бошотуу максатында атайын иш-чараларды жүргүзүп жатышкандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurbek56
2019-07-05 12:51:44
киного бул жагы
+4
Kyrgyz-jigit.com
2019-07-05 12:53:56
Ии Кудай өзү колдосун!

Бир кароолчуга ушунча болушса Кудайым терорризмден алыс кылсын.
0
Chungyz
2019-07-05 12:56:48
Рухий жактан ооруп калган Адам окшойт
+1
MEN95
2019-07-05 13:09:28
Кан ичерлер аябай кобойуп кетти... кундо олум
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан