Түркияда каза болгон Кыргыз жараны боюнча элчилик менен Тышкы иштер министрлиги маалымат тарата элек

Түркиянын Алания шаарында тапанчанын огунан Кыргыз жигити каза болгон. Бул окуя боюнча Түркиядагы Кыргыз мамлекетинин элчилигине байланышканыбызда, Чыңгыз аттуу мырза маалыматты Тышкы иштер министрлиги бере турганын айтты.

"Биз топтолгон маалыматтардын баарын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп беребиз. Расмий маалыматты министрликтен ала аласыздар", - дейт.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев азырынча эч кандай маалымат жок экенин айтат.

"Биз аталган окуя боюнча элчиликке суроо жибергенбиз. Азырынча маалыматты күтүп жатабыз" деди маалымат кызматынан.

Бир ай мурда Орок айылында чыккан жаңжалга Түркиянын Кыргыз мамлекетиндеги элчиси Женгиз Камил Фырат жетип барган. Кыргыз коомчулугу түрк элчисинин бул кадамын кескин сынга алышканы менен Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Женгиз Камил Фыратты өзүнүн милдеттерин аткарган деп жооп кайтарган.

Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси болуп Кубанычбек Өмүралиев иштейт. Ал бул кызматка ушул жылдын март айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bars88
2019-07-08 15:51:15
Озу бизге элчиликтин кереги деле жок.Кайсы элчилик болбосун эл учун иштебейт озунун чонтогун толтурат.Москвадагы элчилик эмне иш кылат эч тушунбойм бироого жардамы тийиптир дегенди ушу убака чейин уга элекмин
+1
gute
2019-07-08 16:39:46
Элчилик менен Министрликте суббота, воскрсенье выходной болгонда алар бугун баштарын жазып атышат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан