"Абалы жакшы". Австралияда уулун сатыкка койгон ата-эне кызуу талкууга алынды

Австралияда интернет-дүкөнгө уулун сатыкка койгон ата-эне кызуу талкууга алынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Дарвин шаарында орун алган. Анда жергиликтүү интернет-дүкөндөрдүн биринин "оюнчуктар" бөлүмүнө кичинекей бала сатылат деген жарыя пайда болгон.

"Абалы жакшы" деген жазуу менен сүрөтү бар баланы ата-энеси 50 долларга сатмай болушкан. Мындан сырткары жарыяда баланы сатып алуучулар аны үйүнөн өздөрү алып кете турган дареги да көрсөтүлгөн. Акылга сыйбаган мындай билдирүүнү окуган интернет колдонуучулар терс ой-пикирлерин жазып, кийин билдирүү өчүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Muslim.azamatovich
2019-07-09 15:41:20
Адамдар эмне эле болуп баратабыз....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан