Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцарияда иш сапары менен жүргөндө Орусиянын башчысы Владимир Путин аны менен Москвада жолугушары белгилүү болду. Мындай иш сапар пландалып жатканы буга чейин айтылган эмес. Бүгүн, 11-июлда Кремлде алардын жолугушуусу өтөт. Орусиянын президентинин басма сөз кызматы анда эмне маселелер талкуулана турганын маалымдаган жок.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Путин Жээнбековду эмне үчүн жолугушууга чакырды деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.
"Менимче, азыркы эң актуалдуу, талкууланчу маселелердин бири - Атамбаев маселеси. Кремль Кавказды, Украинаны жоготту, Венесуэла, Сирияда чатак. Учурда тынч абал Борбордук Азияда гана калууда. Борбордук Азиядан Кыргыз өлкөсү менен Казакстан өзгөрүүдө. Ушундай кырдаалда Кремль өзү колдогон эки кыргыз президентинин ортосундагы жаңжал аймакта жаман прецедент жаратып, Орусия үчүн жагымсыз болууда.
Жеке Путинге жана бийлигин өзгөртүп жасап жаткан Назарбаевге аймакта тынчтык керек. Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы президент Атамбаевди куугунтуктап жатканы - аябагандай жаман прецедент. Бул нерсе Казакстанга жана Орусияга жуга турган "инфекция". Эми Кремль жана Астана чечим кабыл алат, Жээнбеков алардын айтканын аткарат", - дейт Жээнбеков.