Москва шаарына жакын жердеги ЖЭБдеги өрттөн 13 адам жабыркап, 1 адам каза болду

Кечээ, 11-июлда Москва облусунун Мытищи шаарындагы жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) чыккан өрт түнкү саат 1:37де өчүрүлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен жабыркагандардын саны 13 адамга жетип, 1 адам каза болду.

"Кырсык катталган жерге 78 куткаруучу, 24 өрт өчүрүүчү тартылган. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, өрт газ түтүгү жарылгандан улам келип чыккан. Өрттөн ЖЭБдин вахтёру каза болду, ал алгачкылардан болуп өрт чыккандагы тууралуу белги берген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан