Америкалык ырчы Леди Гага актёр Брэдли Купердин үйүндө жашап жатканы айтылды

Америкалык ырчы Леди Гага актёр Брэдли Купердин үйүндө жашап жатат. Бул тууралуу StarHit басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ырчы анын үйүндө бир айдан бери жашап келет. Актёрдун достору Леди Гага үйдү жасалгалоо менен алектенип, эмеректерди алууга буюртма берип жатканын айтышкан.

Орусиялык белгилүү модель, актриса Ирина Шейк менен америкалык актёр, режиссёр Брэдли Купер ажырашканы тууралуу 7-июнда белгилүү болгон.

Айрым дүйнөлүк маалымат каражаттары Брэдли Купер менен Ирина Шейктин эки башка жолго түшүүсүнө ырчы, актриса Леди Гага себеп болгонун жазып чыгышкан. Брэдли Купер менен Леди Гага "Жылдыз төрөлдү" тасмасына чогуу тартылгандан кийин сүйүү мамилесин куруп баштаган деген маалыматтар айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан