Кытайда унаасын башкара албай калган жаран 7 мотоцикл, 2 унааны сүзүп, 3 адам каза болду

Кытайда унаасын башкара албай калган жаран 7 мотоцикл, 2 унааны сүзүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн Чанчжоу шаарында жергиликтүү убакыт менен саат 10:47 чамасында орун алган.

"Мерседес үлгүсүндөгү унааны башкарган жаран рулду башкара албай мотоциклдер жүргөн тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада, ал 7 мотоциклди сүзүп барып, жол боюнда токтоп турган 2 унааны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 10 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Полиция кызматкерлери тарабынан 35 жаштагы айдоочу камакка алынган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан