Орусияда турак жайдан өрт чыгып, 3 бала күйүп кетти. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Турак жайдан өрт чыккан учурда балдардын ата-энеси кайсы жакта болгону жана өрт эмнеден улам чыкканы аныкталууда.
"Каргашалуу окуя Дмитровскто орун алган, анда өрттөнүп кеткен үйдүн урандыларын тазалоо учурунда 1 жаштан 4 жашка чейинки 3 баланын күйүп кеткен денелери табылган. Анда эгиз инилерин куткарам деген бала аларды кучактаган бойдон күйүп кеткен. Мындан сырткары куткаруучулар 2 баланы аман алып калышкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды", - деп айтылат маалыматта.