Мексикада жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жол кырсыгына кабылып, 15 адам каза болду

Мексикада жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жол кырсыгына кабылып, 15 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгына кабылган автобус Агуаскальентес шаарынан чыгып курорттордун бирине бараткан. Орто жолдон айдоочу уктап кеткен.

"Автобус 45 жүргүнчүгө ылайыкталган, анын ичиндеги 21 жүргүнчү ар түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми оор жаракат алган 15 адам ошол жерден каза болгон. Автобус алгач даракты сүзүп, андан кийин оодарылып кеткен. Учурда айдоочу камакка алынып, бул жол кырсыгы боюнча тергөө жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан