21-июлда Украинада парламенттик шайлоо өттү. Анда жаңы президент Володимир Зеленскийдин партиясы алдыга чыкты. Акыркы маалыматтар боюнча Жогорку Радага кирүү үчүн босого баллга беш партия жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Алар президент Володимир Зеленскийдин партиясы "Слуга народа" 44,2 пайыз, Виктор Медведчуктун партиясы "Оппозиционная платформа — За жизнь" 1,4 пайыз, экс-президент Петро Порошенконун партиясы "Европейская солидарность" 8,8 пайыз, Юлия Тимошенконун партиясы "Батькивщина" 7,4 пайыз жана "Океан Эльзы" тобунун лидери Святослав Вакарчуктун партиясы "Голос" 6,5 пайыз.