Баткендеги Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосундагы жаңжал тууралуу Чек ара кызматы билдирүү жасады.
Маалыматка ылайык, жаңжал бүгүн, 22-июлда саат 17:20да чыккан.
"Ворух анклавынын тургундары айылдын кире беришине флагшток орнотушкан. Бирок Ак-Сай айылынын жашоочулары флагштокту орнотууга каршы болушуп, натыйжада түшүнбөстүктөр орун алып, уруш чыккан. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Алдын ала маалыматтар боюнча октон 5 адам жабыркаган.
Учурда Исфара-Ворух жолу жабылды. Жаңжал чыккан аймакта Чек ара кызматынын бөлүмү, укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү иш алып барууда", - дейт басма сөз кызматынан.
Ошондой эле эки өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады чек ара кызматынан.