Чек ара кызматы: "Тажик тарап такталбаган жерге алып келген тракторлорун алып кетти. Учурда абал тынч"

Кыргыз-Тажик чек арасында абал тынч. Мындай маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-декабрда Баткен облусунун Миң-Булак айылынын Кара аймагындагы такталбаган жерге Тажик жарандары 6 трактор менен кирип, жерди тегиздей башташкан. Тактап айтканда, алар айыл чарба иштерин жүргүзүп башташкан.

"Кыргыз чек арачылары мындан улам Тажик жарандарына ишти токтотууну талап кылышканда, алар бул сунуштан баш тартышкан. Окуя болгон жерге чек ара кызматынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылар келип, бул аракетти токтотуу чечимине келишкен. Андан соң тажик тарап 6 тракторду окуя болгон жерден алып кетишкен. Учурда абал тынч", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
u02u02
2019-12-11 20:14:19
Тойгозду ушу тажиктерда биздин чондорда
+4
Wibee
2019-12-12 02:06:08
Ай [moderated] ит экенго булар не кылыш керек.
-2
kanayym.92
2019-12-12 09:34:32
Wibee,Булар баягы эле эски адатына салып кок беттик менен эгин эгебиз деген арам оюн ишке ашырып жатат. Тилекке каршы коп суйлошуулор жолугушуулардан соң,тушундуруу иштеринен сон тракторлорун чыгарып кетишти да.
+2
robot111
2019-12-12 09:42:23
2009-жылдын 3-мартында Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жетекчилиги менен эки өлкөнүн тиешелүү жетекчилеринин жумушчу жолугушуусу болуп, анда дал ошол кечеги жаңжалдын чыгышына себепкер болгон узундугу 275 метр жерди Кыргызстан Тажикстандан 49 жылга ижарага алды деп протоколго жазылыптыр. Ал протоколдун номери – 5. Этегинде Кыргызстандын ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы А. Мадумаров менен Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы А. Алимовдун колдору коюлг
0
altyn-kumush
2019-12-12 09:36:20
u02u02,тойгозгон адам Мадумаров, кол койгондо да ойлонуп коюш керек да
+1
Mamiev
2019-12-11 20:35:53
Тажиктер болду ушинте беришет эми. Билип алды да биздин бийликтин лох алсыз экенин. Такталбаган жерлерди басып алат булар. Өзүңөр чечпейсинер же эл чыкса жөн койбой кубалайсынар. Чек араны тактап бир жолу бул проблемага чекит коюп койсо болбойбу.
+6
Absamat-90
2019-12-12 09:28:51
Mamiev,Тили менен эле мени алып баргыла кыйратам, чечем, ал убакта ошондой протоколго кол коюга туура келди деген адамды алып баруу керек.
+4
Jaznura
2019-12-12 09:29:37
Mamiev,Чек арада мындай чатактардын болушуна протоколго кол койгон Мадумаров деген неме күнөөлүү. Ошонун айынан бүгүнкү күнгө чейин эл жабыркап азабын тартып келүүдө.
+7
zaman96
2019-12-12 09:33:11
Jaznura,Туура айтасың качанга чейин бир кишинин айынан бүтүндөй Лейлек району жана Баткен районунун төрт айыл аймагы жабыркай бериш керекпи? Ошол киши Баткенге келгенде абалын көрөт элек.
+5
aslonur
2019-12-11 20:41:38
Соке менен Рысалиев БАЭге кетиптир бул не деген шумдук?! Супер силерда эки жуздуу экенинерге эми ынандым, болсонор баарына бирдей болуп талкууну ачып койгула боло албасан дуйте по дальше
+3
Nazar76
2019-12-11 20:49:04
Биздин жерлерди такталбаган жер десе ооба дебестен биздин Кыргызстандын эле жери дебейби десен а
+4
Nazar76
2019-12-11 20:51:43
Тажиктер менен озубоктор такталбаган жер деп эле жылып эле келетышат Биздин бийлик шайлоону кана ойлоп оозун ачып отурушат
+4
Aidar.001
2019-12-11 21:38:42
Соке алты трактор эмес 6 велосипед
бербейт айыл чарба иштерге, балык баштан сасыган бизде!
-2
Dembele84
2019-12-11 21:53:06
Лох окмотту и койдон жоош кыргыз элин озбеги да тажиги да билип алды,дагы мындай иштер коп кайталанат и атышуу да болот,мынтип оозду ачып отурсак
+2
Samatalibei
2019-12-11 22:24:08
Тажиктердин Бир жери кычышып турабы эмне . Тынч жашай албайт экен булар. Такталбаган жерге ээлик кылбай,озунордун сопс жеринерди кытайга сатканды токтоткула.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан