ЭЛДИК КАБАР: Баткенде Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып ок атылды. Жабыркагандар бар

Баткендеги Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавында жаңжал чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурмандар билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңжал бүгүн, 22-июлда түштөн кийинки убакта башталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча тажик тарап талаш жараткан аймакка флагштокту орнотуудан улам жаңжал чыккан. Анда курал колдонулуп, 1 чек ара кызматкери, 1 милиция кызматкери жана 3 жаран жаракат алган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Баткенде Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
talaa11
2019-07-22 21:44:27
Алты милион адамдын каргышы уруп кетсин биздин ХХХХХ чондорду
+10
Mamiev
2019-07-22 21:52:23
Бул жер Кыргызстандын жери го. Кантип колуңардан келбейт алып коюу. Жок дегенде чек араны жаап кысымга алып койсо эле өздөрү кошулабыз деп чыгат. Россия крымды алып кой го жөн эле. А биз өзүбүздүн мамлекеттин ичиндеги жерди ала албайбыз. Ушунча адамдын каргышына калбай чечип койсоңор болбойбу
+8
Dinara-93
2019-07-22 23:24:31
Россияны Путин башкарат а бизди ким?? Биздикилер креслого келгенде чымын, анан жайланганда пил болуп чыгып атса..
+1
Sicilya
2019-07-22 23:28:05
Эээй айланайын Чондор ХХХХХ ошол чек араны чечип бергилечи Баткенди жетимсиретип карабай койдунарго же силерге ХХХХХХ не болсо ошо болсун деп Бишкекте ХХХХХ Ресторандарда журосунор кайф кылып ал жакта эл эмне болуп жатат ишинерда жок
+1
talant87
2019-07-23 08:37:17
Чек араны жапкыла Бир бизнесинер токтосо токтосунчу элди ойлогула оздору жалынат
0
al-abu-kinesz
2019-07-23 13:56:53
Карасан анклавда туруп алышып жанжал чыгаргандарын. Чек ара маселесине коз жумуп койгон чондордун кылыгына заманан куурулуп кетет да эмне дээринди билбей..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан