Хабаровск крайында балдардын чатыр лагеринде өрт чыгып, 1 кыз каза болуп, үчөө күйүк алды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ Солнечный районундагы менчик "Холдоми" эс алуу комплексиндеги чатыр лагеринде орун алган. Анда лагерде чыккан өрттөн 2008-жылы туулган Софья В. аттуу кыз каза болгон.
"Үстүнө күйүп жаткан чатыр кулап, денесинен 100 пайыз күйүк алган 2006-жылы туулган Вероника С., 2007-жылы туулган Елизавета Б., жана 2008-жылы туулган Алексей М. аттуу балдардын абалы оор бойдон калууда. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголду, балдардын ата-энелери менен психологдор иш алып барууда. Кырсыктын чоо-жайы аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.