2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарынын медалдары коомчулукка көрсөтүлдү. Алар электрондук таштандыдан жасалган

2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын уюштуруу комитети олимпиадалык медалдардын үлгүсүн коомчулукка жарыялады.

Медалдардын дизайны спортчулар жеңишке жетүү үчүн күн сайын машыгуулары керек деген концепцияны чагылдырып, спортчулардын энергиясын жана алардын күйөрмандарын көрсөткөн образды өзүнө камтыйт.

Медалдарда спорттук мелдештерге катышкан жана көп иштеген адамдар сыйга татыктуу болору да символдоштурулган.



Ал эми медалдын жалтыраганы достуктун жаркырап туруусун жана дүйнө элдеринин кол кармашуусун билдирет.

Япония бул медалдарды жасоого эч кандай акча кетирген эмес. Өлкөнүн бийлиги эски гаджеттерди чогултуу боюнча акция өткөрүп, анын негизинде чогултулган металлдардан ушундай медалдарды жасаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
macho90
2019-07-24 19:20:48
Мына сагааа....
+7
Aza17
2019-07-24 19:50:50
Эгер бизде болуп калса 5 000 000$ кортуп 3 000 000$ жеп тынышмак.
+7
KAYRATBEK
2019-07-25 13:26:54
Арзан металдан, жетууго ото кыйын ото барктуу ото абройлуу медал жасаган япондорго бали.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан