Эртең Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушат

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Исфара шаарына барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал мамлекет башчыларынын бул сүйлөшүүлөрү пландуу экенин, мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп турарын баса белгиледи.

Данияр Сыдыков сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланарын белгиледи. Ошондой эле чек арага чектеш облустардын элдеринин ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди жана достукту бекемдөөгө багытталган кызматташтыгын өнүктүрүүгө басым жасалат.

Мындан сырткары Данияр Сыдыков эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Ата шаарында уланып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыгы чыгарын кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан