Баткендеги тажик тараптын агреcсивдүү кол салуусунан кыргыз тараптан 36 адам каза болуп, 189 адам жаракат алды. Мындан сырткары түзүлгөн кырдаалдан улам 100дөн ашуун турак үй, 100гө чукул объект талкаланып өрттөлдү. Расмий тараптар тактаган агрессивдүү кагылышууда каза болгон 36 жарандын ичинде 39 жаштагы Алтынбек Каработоев дагы бар.
Ал үй-бүлөсү менен Кадамдай шаарында жашап, банктардын биринде иштечү. Анын артында үй-бүлөсү жана чиедей балдары калды. Маркумдун атасы Жалил Каработоев менен байланышканыбызда, ал муңканып жооп берди.
Балам балдардан башкача элпек, түйшүкчүл жана мекенчил эле деген ал уулунун өмүрүн алган каргашалуу окуя кандай болгонун баяндады.
Айтымында, баласы атасына чалып, Кадамжайдан Баткен тарапка бара турганын кабарлаганда, атасы ага көнгөн эмес. "Бирок анын мекенчилдик сапаты кармап, менин каршы болгонума карабай, жолго чыккан экен" - деген Жалил Каработоев окуянын чоо-жайына төмөнкүдөй токтолду.
"29-апрель күнү балам банкта кадимкидей эле иштеп жаткан. Мен Көк-Таш айылында турам, балам болсо үй-бүлөсү менен Кадамжай шаарында жашап келген. Ошол күнү уулум мага чалып, "ата, эмне кылып жатасыздар, сиздер жакта абал кандай, мен Баткен жакка барайын дедим эле" деп чалды. Мен "балам, биз жакка келбей эле кой, баары бир жолдон өтө албайсың, абал курч, ок атылып жатат, жолдор жабык" деп жооп бердим. Ошентип айтсам, уулум макул деген. Бирок жүрөгү чыдабай, жөнөп кеткен экен. Андан кийин уулум кызыма чалып, "Баткенге келип калдым" деп айткан экен. Ал жакка келип, унаасы менен аскер кызматкерлерине жардам берип жүрүптүр. Балам 1982-жылы туулган, ушул айдын 18инде болгону 39 жашка чыкмак.
Тажик тарап муну менен эле жөн калбай, унаа менен жарадар жоокерди алып келе жаткан унааны да атып салышкан. Бирок алардын саны канча экенин так билбейм. Бул маалыматтар мага ал жактагылардан келип жатат. Азыр кан жутуп, баламдын элеси эстен кетпей, сай-сөөгүм сыздап турат.
Баламдын үй-бүлөсү бар. Анын артында чиедей 3 баласы калды. Алар да жаш болчу. Бир баласы 6-класста, экинчиси 4-класста окуса, кичүүсү бала бакчага барат", - деди ыйы угулуп турган Каработоев.