Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселени кароону жабык өтүүнү сунуштады. "Мыйзамда, Жогорку Кеңештин регламентинде чек ара маселесин жабык өткөрсө болот", - дейт төрага.
Депутат Исхак Масалиев жабык өткөрүүнүн кажети жоктугун айтты.
Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматын ачык өткөрүп, андан кийин талкууну жабык өткөрүү керектигин айтты.
Жыйынтыгында маселе жабык түрүндө карала турган болду.