Теги индиялык 47 жаштагы Прити Пател Британиянын ички иштер министри болуп дайындалды

47 жаштагы Прити Пател Британиянын ички иштер министри болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Ал буга чейин Британиянын Эл аралык өнүгүү министри болуп эмгектенген. Үй-бүлөсү менен Израилге жасаган сапары талкууга алынып, анын арты менен кызматтан кеткен. Эмгек өргүүсү учурунда ал Израилдин өкмөт башчысы жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушканы айтылган.

Прити Пател 1972-жылы 29-майда Лондон шаарында төрөлгөн. Ата-энеси Сушила жана Анджана 20-кылымдын башында Индиянын Гуджарат штатынан Угандага барып, чай-кофе өстүрүп, сатып бутка турушкан. 1972-жылы Уганданын президенти Иди Амин Түштүк Азиядан келген мигранттарды депортациялаганда алар Британияга көчүүгө аргасыз болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2019-07-25 18:04:30
Башка олкодо жашасада жашаган жеринен которулду биздикилер шефтен сурап анан иш кылат Аллахым журогунорго ыйман берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан