Москвадагы нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө мобилдик интернет иштебей калган. Бул бийликтин талабы менен болгону айтылды

Орусиянын Москва шаарында ушул жылдын 27-июль жана 3-август күндөрү эркин шайлоо үчүн акциялар болуп өткөн. Анын жүрүшүндө митингдин катышуучулары жана журналисттер мобилдик интернет иштебей калганын же байланыш улам үзгүлтүккө учурап жатканын айтышкан.

"Би-би-си" уюмунун Орус кызматынын карамагына түшкөн катка ылайык, нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө мобилдик интернетти операторлор бийликтин талабына ылайык өчүрүшкөн. Жалпыга маалымдоо каражаты кат кайсы операторго таандык экенин тактаган эмес, бирок ал "чоң үчилтик" деп атыккан МТС, "Билайн", "Мегафондун" бири экенин жазган. Кат колл-борбордун кызматкерлерине даректелип, анда "кесиптештер, Москванын аймагындагы айрым базалык станциялар күч ведомстволорунун талабы боюнча өчүрүлдү" деген жазуу болгон. Ошондой эле, колл-борборлордун кызматкерлерине "интернет жок болуп жатат" деп кайрылган кардарларга "компания тарабынан кызмат көрсөтүүдө көйгөй жок" деп жооп берүү керектиги айтылган.

"Би-би-си" уюмунун Орус кызматы жогоруда катта жазылган маалыматты тактоо үчүн операторлорго кайрылганда, алардын баары маалыматты четке кагышкан. Айрым абоненттердин көйгөйлөрүн ошол күнү ошол аймакта адам көп болгонуна шылтап жооп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан