Кытайда “Лекима” тайфунунан 18 адам каза таап, 16 жаран белгисиз болуп жатат. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышты.
Кырсыктан 200 имарат талкаланып, 3 миң 200гө чукул адам денесинен ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Кытай бийлиги 1 миллионго жакын кишини эвакуациялады. Анын ичинен 253 миң адам Шанхай шаарынын тургундары, 100 миңге жакын киши калаанын убактылуу баш калкалоочу жайында турушат. Кырсыктан улам аба каттамдары, темир жолдогу кыймылдар токтотулду.
Кытай бийлиги бул кырсыктын кесепетинен сел жана жер көчкү болорун эскертип жатат.