Саратовдо 5 жаштагы бала паровоздон кулап оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 16-августта Солнечный кичи районунда орун алган. Анда бала жүрүп бара жаткан паровоздон жерге түшүп кеткен.
"Жабырлануучу оор жаракат алып оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Учурда дарыгерлер баланын абалы оор экенин айтууда. Бул окуя боюнча тиешелүү мекемелердин кызматкерлери текшерүү иштерин баштады", - деп айтылат маалыматта.